Биз менен байланышыңыз

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү «Точка» СИЗО-1ге эки айга камакка алынды

Кыска кабар | 8 Фев 2021 | 559 | 0

Токмок райондук соту 45 жаштагы «Точка» каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Ал Бишкектеги СИЗО-1 камагында болот.

Ушул жылдын 4-февралында Токмок шаарынан 1975-жылы туулган А.Б. аттуу жаран кармалган. Текшерүү учурунда жанынан номуру өчүрүлгөн беш огу менен Макаров үлгүсүндөгү тапанча жана колго жасалган бычак алынган.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык Кодексинин 253-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз алып жүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Кызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн бир катар ыкчам иш-чаралардын натыйжасында,  анын өздүгү аныкталган.

Кармалган жаран мурда бир нече жолу соттолуп, «Точка» каймана аты менен белгилүү болгон. Криминалдык чөйрөдө «смотрящий» жана «положенец» статусуна ээ болуп, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам алдын алуу боюнча каттоосунда турган.

Ошондой эле кармалган жаран буга чейин тоноо, уурдоо, опузалап талап кылуу жана баңгизатын мыйзамсыз сактоо беренелери менен бир нече жолу соттолгон.

Copyright © 2017 Maral FM