Биз менен байланышыңыз

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун дагы 5 мүчөсү кармалды

Кыска кабар | 29 Янв 2020 | 690 | 0

Бүгүн, 29-январда, саат 16.30 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери менен тез аракеттенүүчү отряддын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн атайын операциянын учурунда Ош шаарынын «Изюм» ресторанынын маңдайында, «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаада бара жатышкан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары атайын тизмеде турган 5 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Алар жарандарга карата бейбаштык жасаганга шектүү катары кармалышты. Кармалгандардын бешөө тең ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары турат. Төртөө Ош облусунда, бирөө Ош шаарынын аймагында туруктуу жашашат.

Кармалгандар:

  • А. уулу Э., 1993-жылы туулган, Өзгөн районунун тургуну;
  • Р.Э. , 1992-жылы туулган, Кара-Суу районунун тургуну;
  • У.Э. 1992-жылы туулган, Өзгөн районунун тургуну;
  • Р.Н. 1984-жылы туулган, Кара-Суу районунун тургуну;
  • А.М. 1985-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну.

Учурда сотко чейинки өндүрүш Жазык кодексинин 266-беренеси — бейбаштык боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылып, ыкчам иликтөө иштери башталды. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөрдүн кимисинин канчалык деңгээлде кылмышка тиешеси бар же жоктугу аныкталат.

Ачылган сотко чейинки өндүрүш боюнча кошумча маалымат берилет.

 

Copyright © 2017 Maral FM