Биз менен байланышыңыз

Жаш кызды зордуктоого шектүү Сокулуктан Бишкекке алып келинди

Кыска кабар | 7 Дек 2021 | 1284 | 0

Сокулукта жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип камакка алынган адам Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайынан Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Эске салсак, 2021-жылдын 5-декабрында Сокулук РИИБине район тургунунан арыз түшкөн. Анда маалым болгондой, 16 жашар кызын белгисиз адам «жумушуңа жеткирем» деген шылтоо менен унаасына салып барып, сабап, зордуктап салган.

Айтылган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен катталып, кызга тиешелүү медициналык экспертиза дайындалып, шектүүгө издөө жарыяланган.

Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 1990-жылы туулган тургуну К.Н. кармалган.

Copyright © 2017 Maral FM