Биз менен байланышыңыз

Өлтүрүлгөн кызды ала качууга экинчи шектүү кармалды

Кыска кабар | 8 Апр 2021 | 2217 | 0

Бишкек шаардык Криминалдык милиция кызматы тарабынан ала качууга тиешеси бар экинчи адам кармалды. Бул тууралуу милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, кармалган адам Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышка шектелген калган жарандарга издөө иштери жүрүп жатат.

«1994-жылы туулган К.А. аттуу кызды ала качууга шектелгендердин экинчиси 1989-жылы туулган З.Р. кармалды. Калган шектүүлөр тууралуу толук маалымат аныкталып, аларды кармоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

7-апрелде 27 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, ала качууга шектелип жаткан жаран кызды муунтуп өлтүрүп, өзүнө бычак сайып каза болгон.

Окуя болгон жерде унаанын ичинен 1994-жылы туулган К.А. аттуу кыздын жана 1985-жылы туулган Т.З. аттуу эркектин сөөгү табылган.

Аларга кароо жүргүзгөн учурда кыз зомбулуктан, ал эми эркек бычактан алган жаракаттан каза болгону аныкталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кыз менен баланын ортосунда чыр чыккан. Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен катталып, иликтөө жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM