Биз менен байланышыңыз

Айзаданын өлүмү боюнча жаңы фактылар аныкталды

Кыска кабар | 4 мая 2021 | 4648 | 0

Соттук-медициналык экспертиза Бишкекте уурдалган Айзада Канатбекованын киши колдуу болгонго чейин зордукталганын аныктады. Бул тууралуу маркумдун жакындарынын адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди.

Бишкек шаардык милициясы Айзаданын өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишин тергеп бүтүп, сотко жөнөттү. Анда маркум Замирбек Теңизбаевге «адам уурдоо, өлтүрүү жана зордуктоо» беренелери менен айып коюлду. Ишти иликтөөдө кыз зордукталганы аныкталды. Айзада каршылык көрсөткөн. Анын денесинде, буттарында каршылык кылууга мүнөздүү сыйрыктар, канталаган тырыктар болгон.

Ала качуунун калган 5 катышуучусу да оор кесепеттерге алып келген «адам уурдоо» боюнча айыпталууда.

Тергөөчү менен прокурордун кеңешүүсүнөн кийин бул ишти «Никелешүү максатында адам уурдоо» эмес, «Адам уурдоо» катары сыпаттоо туура деп чечилген.

Токтакунов кемчиликтерге карабастан тергөөчү ишти шашылыш тергеп, сотко жөнөткөнүн белгилейт.

Шаардык милиция адам уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кыйганын билдирген. Теңизбаев Орусияда ар кандай кылмыштар үчүн үч ирет соттолуп, абакта отуруп чыкканы белгилүү болгон.

Айзаданын өлүмүнө байланыштуу төрт адам кармалган. 40тан ашык милиция кызматкери иштен алынган.

5-апрелде Бишкектин көчөлөрүнүн биринде уурдалган 27 жаштагы Айзада Канатбекова киши колдуу болгон. Аны Бишкекте үч адам күчтөп машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган эркектин сөөгү талаадан табылган. Аны 36 жаштагы жаран ала качып, муунтуп өлтүргөнү жана өзүнө да бычак сайып мерт кеткени аныкталды.

Бишкек милициясы кыздын уурдалганы тууралуу маалымат алгандан эки күн өткөндөн кийин жигиттин унаасын талаада жүргөн койчу тапкан.

Copyright © 2017 Maral FM