Биз менен байланышыңыз

Зордук-зомбулукка каршы митингге парламенттин депутаттары да катышты

Кыска кабар | 8 Апр 2021 | 1787 | 0

Бүгүн, 8-апрелде Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында өтүп жаткан «Зордук-зомбулукка каршы» аталышындагы жарандык митингге Жогорку Кеңештин депутаттары да катышты. Алар: Айсулуу Мамашева, Наталья Никитенко жана Дастан Бекешев.

Депутаттар митингде сөз сүйлөп, өлкөдө акыйкаттыкты орнотуу үчүн аягына чейин күрөшө тургандыктарын билдиришти. Ошондой эле Ички иштер министри элдин койгон талабына сөзсүз жооп бериши керектигин кошумчалашты.

Бишкектен уурдалып, муунтуп өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын өлүмүнө кайдыгер карабай митинге чыккан жарандар Өкмөт үйүн көздөй жөнөштү.

Митингдин катышуучулары Ички иштер министринин элдин алдына чыгып, кыздын өлүмүнө ким жооптуу экенин айтуусун жана анын кызматтан кетүүсүн талап кылышты.

Кечээ, 7-апрелде Бишкектен уурдалган 27 жаштагы кыздын сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада унаадан табылган. Ала качууга шектелип жаткан жаран кызды муунтуп өлтүрүп, өзүнө бычак сайып каза болгон. Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертиза жүрүп жатат.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен катталып, иликтөө жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM