Биз менен байланышыңыз

Айзаданы уурдоого шектелген дагы эки жаран кармалды

Кыска кабар | 9 Апр 2021 | 1915 | 0

Бишкектин криминалдык милициясынын кызматкерлери борбор калаада кызды уурдоого шек саналгандардын дагы эки катышуучусун кармады.

Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиргендей, тергөө жана издөө иштеринин жүрүшүндө кыздын уурдалышына шектелип Бишкек шаарынын аймагында 1995-жылы туулган Т.К., Жалал-Абад облусунун аймагында 1991-жылы туулган Н.О. кармалды.

Буга чейин кыздын уурдалышына шектелип 29 жаштагы Р.А. жана 32 жаштагы З.Р. аттуу жаран колго түшүрүлгөн.

Белгилей кетсек, 5-апрелде Бишкекте Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жаш кызды ала качып кетишти деген маалымат тарап, окуя видеого түшүп калган.

Көп өтпөй 7-апрелде кыздын сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Copyright © 2017 Maral FM