Биз менен байланышыңыз

Адвокат: Бүгүн милиция Айзаданын өлүмүн иликтеп баштайт

Кыска кабар | 13 Апр 2021 | 1622 | 0

Уурдалып өлтүрүлгөн 27 жаштагы Айзада Канатбекованын адвокаты Нурбек Токтакунов бүгүн, 13-апрелде сурак баштала турганын «Маралга» билдирди.

Ал буга чейин Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасап, өткөн жума күндөн бери Айзаданын өлүмү боюнча иштеп жаткан милиция кызматкерлери менен байланыша албай жатканын айткан.

Анын айтымында, кечээ кайрылууну жарыялагандан кийин тергөөчүлөр байланышкан.

«Бүгүн сурак болот, тергөөчүлөргө барып сүйлөшөбүз. Анын жыйынтыктары тууралуу кечинде дагы видео кайрылуу аркылуу айтып берем. Башында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрүнө барам, андан кийин  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттинин тергөөчүлөрүнө барам» , — деди Токтакунов.

Ошондой эле ал негизи иш боюнча тергөөчүлөр биринчи эле күндөн ишин баштап, Айзаданын апасын жабырлануучу катары каттоо керектигин айтты.

Айзада Канатбекованын өлүмү Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен катталган. Ал эми Бишкек шаардык прокуратурасы кыздын өлүмүнө байланыштуу милиция кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 321-беренесинин 2-бөлүмү (шалаакылык) менен кылмыш ишин козгогон. Тергөө ишин жүргүзүү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Бишкек шаардык башкармалыгына тапшырылган.

Copyright © 2017 Maral FM