Биз менен байланышыңыз

Бишкек милициясы: Болот Темиров баңгизатты мыйзамсыз даярдоо боюнча айыпталууда

Кыска кабар | 23 Янв 2022 | 995 | 0

Журналист Болот Темиров сатуу максатын көздөбөстөн, баңгизатты мыйзамсыз даярдоо боюнча айыпталууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгүндө (Баңги каражаттарын сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо) жана 287-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга көндүрүү) негизинде козголгон кылмыш ишин иликтөөдө.

22-январь күнү Айпери Адылбек кызы аттуу жаран арыз менен кайрылып, ушул жылдын 25-октябрынан бүгүнкү күнгө чейин достору менен бирге баңги затын (гашиш) колдонууга көндүрүүгө аракет кылган Болот аттуу белгисиз адамга карата чара көрүүнү суранган. Ал жер Бишкектин Сухомлинов көчөсү, №52 А дарегинде жайгашкан боз үйдүн жанында, ошондой эле Бишкектин Логвиненко көчөсү, №55 даректе жайгашкан кеңседе.

Ошол эле күнү журналист Болот Темировго таандык Логвиненко көчөсүндө жайгашкан кеңседе тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Тинтүү учурунда Темировдон полиэтиленге оролгон баштыкча табылып, анын ичинен салмагы 7,79 граммды түзгөн кара күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат алынган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, бул зат салмагы 7,77 граммды түзгөн гашиш баңгизаты болгон.

Ушул эле күнү Бишкек шаарынын Турусбеков-Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинен милиция кызматкерлери тарабынан Болот Назаров кармалып, андан өзгөчө жыты бар кочкул күрөң түстөгү зат салынган желим боо табылып, анын салмагы таңгак менен бирге 14,71 граммды түзгөн. Иликтөөнүн корутундусуна ылайык, зат салмагы 8,69 граммды түзгөн баңгизаты болгон кара куурай чайыры «гашиш» болгон.

Бүгүн, 23-январда Болот Назаров Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ошондой эле бүгүн №03-051-2022-000013 кылмыш ишинин ичинен журналист Темиров Болот Маматкасымовичке таандык Логвиненко көчөсүндөгү кеңседе тинтүү жүргүзүлүп, желим боо баңги заты алынган материалдар алынды.

Мындан тышкары, 23-январда Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Болот Темиров кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына камалды.

Шектүү Болот Темировго карата сыртка чыкпоо тил каты менен баш коргоо чарасы тандалган.

Copyright © 2017 Maral FM