Биз менен байланышыңыз

Бишкек милициясынын тергөө бөлүмүндө 20 кылмыш иши жоголду

Кыска кабар | 14 Ноя 2019 | 559 | 0

Башкы прокуратура Бишкек шаардык милициясынын айрым кызматкерлери кылмыш ишти жок кылган фактыны аныктады. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жоготуулар тууралуу фактылар айыпталуучуларды издөөгө алуу боюнча кылмыш иштеринин токтотулганын териштирүү учурунда ачыкка чыкты.

Бишкек Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүндө издөө иштери менен кошо 20 кылмыш иши жоголгон. Бул факты башкы прокуратура тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “Шалаакылык” беренеси боюнча каттоого алынды. Сотко чейинки өнтүрүштү жүргүзүү иши Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгына тапшырылды”, — деп айтылат билдирүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM