Биз менен байланышыңыз

Милиция «ЭкоИсламикБанктын» филиалын тоногондордун изине түштү

Кыска кабар | 16 Дек 2019 | 744 | 0

Милиция Бишкектин 6-кичи районундагы «ЭкоИсламикБанктын» филиалын тоногон шектүүлөрдү аныктап, алардын изине түштү. Учурда ыкчам тергөө-иликтөө тобу түзүлдү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББ  башчысы Канат Жумагазиев билдирди.

Эскерте кетсек, 26-ноябрда белгисиз эки жаран «ЭкоИсламикБанктын» филиалына кирип барып, күзөтчүнү сабап, акчаны алып кеткен.


Бишкекте белгисиз эки адам банк филиалын тоноп кетти


Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысы Сыргак Айткурманов шектүүлөр экөө экенин, алар имараттын видео байкоочу камерасына түшүп калганын билдирген.

Айткурманов мындан сырткары алардын шериктери болгон-болбогону териштирилип жатканын кошумчалайт.

Copyright © 2017 Maral FM