Биз менен байланышыңыз

Бишкектин милициясы «алдамчы чекистти» колго түшүрдү

Кыска кабар | 19 Сен 2019 | 461 | 0

Бишкек шаардык милициясынын криминалдык милиция кызматынын өкүлдөрү орусиялык жарандын акчасын уурдоого шектүүнү кармады. Бул тууралуу ШИИБнин маалымат кызматы кабарлады.

«Шектүү 41 жаштагы К.К. жана 47 жаштагы С.А. болуп чыгышты. Алар Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери эмес экени аныкталды.  Кармалгандар учурда Ысык-Ата райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө», — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Эске сала кетели, Бишкек-Торугарт кан жолунда белгисиз бирөөлөр УККМКнын кызматкери катары орусиялык жарандарды токтотуп, алардын 10 миң рубль акчасын уурдап алышкан. Буга карата чара көрүү өтүнүчү менен чет элдиктер милицияга кайрылган.

Copyright © 2017 Maral FM