Биз менен байланышыңыз

Ошто мугалимди өлтүрүүгө шектүү кармалды

Кыска кабар | 26 Мар 2021 | 1118 | 0

Бүгүн, 26-мартта Ош шаарынын 1986-жылы туулган тургуну Б. А.ны өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Кармалган адам 1958-жылы туулган, Кара-Суу районунун тургуну. Тааныштарынын биринин үйүндө бекинип жаткан жеринен табылган. Далил буюм катары жанынан кесилген мылтык алынган. Суракта кылган күнөөсүн толугу менен моюнуна алган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пункту (пайда көрүү максатында киши өлтүрүү) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, иликтөө иштери уланууда. Шектүүнүн көрсөтмөсүнүн негизинде текшерүү жүрүп жатат.

Эске салсак, 23-мартта Ош шаарынын Көкүм Бий көчөсүнөн жашы 30-35 чамалуу азиат улутундагы жарандын сөөгү табылган. Белгилүү болгондой, маркум жергиликтүү мектептердин биринде мугалим болгон.

Copyright © 2017 Maral FM