Биз менен байланышыңыз

УКМК: “Вентустун” жетекчиси Рузиев документтерди жасоо кылмышына шектелип кармалды

Кыска кабар | 30 мая 2020 | 813 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) документтерди жасоо (подделка) кылмышына шектүү деп Ысык-Көл областындагы “Вентус” коомдук бирикмесинин жетекчиси Камилжан Рузиевди кармады. Шектүү ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө колго түшкөн.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 359-беренесинин 2-бөлүмү (документтерди жасалмалмасы) жана 204-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда УКМК бул кылмышка катыштыгы бар башка адамдарды тактоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатат.

Рузиевден жабыркагандар болсо УКМКнын Ысык-Көл областтык башкармалыгына (Тел: 03922 51180) жана УКМК Бишкектеги башкы кеңсесинин нөөмөт бөлүмүнө (Тел: 0312 660475) кайрылса болорун атайын кызмат эскертет.

Copyright © 2017 Maral FM