Биз менен байланышыңыз

Балдар үйүндө каза болгон өспүрүм бир жылдан кийин «ата-энелүү» болмок

Коом , Кыска кабар | 14 Июн 2021 | 2328 | 0

Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы балдар үйүндө 12 жашар өспүрүмдүн каза табуусу коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Бул чуулгандуу окуя 1-июнда болуп, бирок ачыкка 2 күн мурун эле чыккан. Балдар үйүнүн жетекчилиги «баланын жүрөгү ооруп каза болду» дешсе, күбөлөр таяк жеп өлгөнүн айтышууда. Окуяга кененирээк токтолобуз.

Үстүбүздөгү жылдын 1-июнунда Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы балдар үйүндө 12 жашар Игорь Якунин каза болгон. Өлүмдүн себеби бүгүнкү күнгө чейин белгисиз, тергөө иштери аягына чыга элек.

Жабыр тарткан тараптын укугун адвокат Кубанычбек Туманов коргоп жатат. Анын айтымында, өспүрүм 1-июнда каза болсо, анын өлүмү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 2-июнда катталганы күмөн жарата турган жагдай.

«Кылмыштардын реестринде «ур-токмоктун белгилери аныкталган эмес» деген жазуу бар. Окуя болгон жерге тергөөчү барган. Бирок тергөө органы кылмыштар боюнча профилдештирилген эмес да, ошондуктан реестрдеги «денесине зыян келтирилген эмес» деген жазуудан кийин тергөө иштери үстүртөн эле жүргөн, чынын айтсак, тергөө иштери жүргүзүлгөн да эмес. Ошондуктан азыр жазуу боюнча экспертизанын жыйынтыгы оорудан улам деп чыгышы мүмкүн да, кылмыш белгилери же кылмыш курамы жокко чыгарылып, иш токтоп же жабылып калышы мүмкүн».

Окуянын чоо-жайы

Баланын өлүмүнүн чыныгы себебин балдар үйүнөн былтыр эле узаган, каза тапкан баланын уялашы 17 жашар Богдан Якунинге ошол жердеги күбөлөрдүн көзүнчө сабаган бала өзү айтып берген.

2021-жылдын 1-июнь күнү кечинде саат 21:00 чамасында балдар үйүнүн 15 жаштагы тарбиялануучусу ал жактагы 12-14 жаштагы 5 эркек баланы тизип алып, шымын жоготкону үчүн күнөөлөп баштаган. Бул учурда мугалим жок болгон. Анан «балдар үйүнүн аймагынан ууру чыгып жатат» деп урушуп, кийин аларды уятсыз деп сабап баштаган. Бирөөлөр көрүп калбашы үчүн коридорго бир баланы кайтартып койгон. Андан кийин сабап жаткан бала 12 жаштагы Игорду чакырып, төшкө 5 жолу урган, анын бешинчи соккусу жүрөк тушка катуу тийген. Анан ага эшикти кайтарып турууга буйрук берген. Игорь 2-3 кадам басып, эшикке жетпей жыгылып түшкөн. Бул учурда бардык балдар Игорго чуркап келишип, көтөрүп керебетке жаткырышкан. Ал денеси калтырап, дем жетпей кыйналып баштаган. Балдар чогулуп, Игорду төшөктөн көтөрүп, мугалимге алып барышкан. Мугалими тез жардамга байланыша албай койгон. Андан кийин директорго чалып, Игорь өзүн жаман сезип жатат деген. Ошол маалда бала дем жетпей муунуп, көгөрүп баштаган. Директор саат 22:00 чамасында келип, Игорду унаасы менен ооруканага алып кеткен. Ал эми 2-июнда эртең менен балдар үйүнүн медициналык кызматкери балдарга Игорь директордун унаасында акыркы жолу дем алганын айткан.

Сабаган бала күнөөсүн мойнуна алган

Маркумдун байкесине анын өлүмү тууралуу 2-июнда кабарланган. Богдан Якунин ошол күнү балдар үйүнө келип, директорду күтүп отурган маалда инисин сабаган бала менен башка тарбиялануучулардын көзүнчө сүйлөшкөн. 15 жашар өспүрүм баланы сабаганын мойнуна алган. Бул сүйлөшүүнү Богдан телефонуна тартып алган.

Балдар үйүнүн директору Аскар Масылов: «Тарбиялануучу баланы күчкө салып мойнуна алдырткансың», — деп Богданды күнөөлөп, бул боюнча арызданарын билдирген. Бирок директор Богдандын: «Андай болсо, иним эмнеден улам көз жумушу мүмкүн?» — деген суроосуна «Игордун жүрөгү ооруп турган, балким ушул себептен», — деп, толук жооп бербегенин соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга электигине шылтоолоп кутулган.

Бул окуяны коомчулукка алып чыккан «Балдар укугун коргоочулардын лигасы» коомдук фондунун башчысы Назгүл Турдубекова баланын өлүмүнөн бери 2 жума өткөнүн, күн сайын өлүмдүн чыныгы себебин аныктоо кыйыныраак болуп баратканын айтат. Анын айткандарына таянсак, баланын сөөгүн эксгумациялоо иштери ушул күнгө чейин жүргүзүлгөн эмес. Буга Сокулук районунун ички иштер башкармалыгы тарабынан натыйжасыз иликтөө жүргүзүлгөнү себеп болууда. Бул учурда тергөө иштерин башкы тергөө бөлүмү же Чүй ШИИБи колго алышы керектигин белгилейт.

«Балдар үйүнүн директору тарабынан жашы жете элек окуянын күбөлөрүнө, бардык тарбиялануучуларга кысым көрсөтүлүп, коркутулуп-үркүтүлүп жатканы да анык. Ушуга байланыштуу, мен балдар үйүнүн директорун тергөө иш-чараларынын маалында убактылуу кызматынан четтетүү зарыл деп эсептейм». 

Ал эми Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нүргүл Нусупова окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, тергөөнүн алкагында өлүмдүн себебин аныктоо үчүн экспертизалар дайындалганын маалымдады.

«Маркумдун сөөгүн кароодо зордук-зомбулуктун изи табылган эмес. Окуянын бардык жагдайлары иликтенип жатат, сотко чейинки процесстер уланууда. Балдар үйүнүн жетекчилери, күбөлөр, тарбиялануучу балдар суракка алынды, азыркы учурда экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Окуяга юридикалык баа берилгенден кийин баары белгилүү болот». 

Белгилей кетсек, бул окуя боюнча жактоочу жана фонддун башчысы Назгүл Турдубекова Президентке, Министрлер кабинетинин төрагасына, ошондой эле Башкы прокурорго жана Ички иштер министрлигине кайрылуу жолдоду. Анда маркумдун өлүмү боюнча тергөө ишин көзөмөлгө алып, материалдарды тергөө үчүн квалификациялуу тергөөчүлөргө өткөрүп берүүнү өтүндү.

Игорь Якунин 10 күндөн кийин, тагыраагы, 28-июнда 13 жашка толмок. Аны багып алууга ниеттенип жүргөн америкалык үй-бүлө бар болчу. Игорь «жаңы ата-энесине», АКШга, төрт жолу барып келген. Мыйзам боюнча анын камкорчусу кагаз жүзүндө уруксат бермейинче баланы багып алууга мүмкүн эмес. Ошол эле учурда камкорчу милдетин алган адам 18 жаштан жогору болушу керек. Буга байланыштуу америкалык үй-бүлө Игордун жалгыз камкорчусу, агасы Богдан Якуниндин 18 жашка толушун күтүп жүрүшкөн. 

Copyright © 2017 Maral FM