Биз менен байланышыңыз

Орусия Евробиримдик менен аба байланышты убактылуу чектейт

Кыска кабар | 14 Мар 2020 | 630 | 0

Орусия коронавируска байланыштуу 16-марттан тарта Европа союзу өлкөлөрү менен жүргүнчү аба байланышын убактылуу чектейт. Мындай чечим өлкөнүн коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабынын жыйынында кабыл алынганын РИА “Новости” жазды.

Бул чечим элдин ден соолугуна кам көрүү, мамлекеттин коопсуздугун сактоо максатында кабыл алынган. 16-марттан Москва сааты боюнча 00:00 дөн тарта жүргүнчү аба байланышына чектөө киргизилет. Орусиянын аймагынан Европа өлкөлөрүнө, жана ал жактан Орусияга багытталган аба каттамдар убактылуу токтотулат, — деп айтылат ыкчам штабдын билдирүүсүндө.

Маалыматка ылайык, Москвадан Европа өлкөлөрүнүн борборлоруна жана кайра келүүчү туруктуу каттамдарды Орусия чектебейт. Мындан сырткары, орусиялыктарды мекенине жеткерүүчү чартердик каттамдарга да тоскоолдук жок.

Copyright © 2017 Maral FM