Биз менен байланышыңыз

Коронавирус боюнча кырдаал турукташканча кинотеатрлар жабылат

Кыска кабар | 16 Мар 2020 | 517 | 0

Коронавирустун жайылуусун алдын алуу максатында өлкөдөгү бардык түнкү клуб, кинотеатр, компьютердик клубдар убактылуу жабылат. Мындай чечим коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штабдын бүгүнкү жыйынында кабыл алынды.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жыйындын жүрүшүндө түнкү клуб, кинотеатр, компьютердик клубдар, соода борборлорундагы балдар ойной турчу жайлар жана тамак иче турган жерлер убактылуу жабыла турганы айтылган. Ал эми соода, тейлөө жана коомдук тамактануу тармагында иш алып барган жеке жана юридикалык тараптарга массалык иш-чараларды өткөрүүдөн кармана туруу сунушталды.

Өкмөт жарандарды эл көп чогулган жерге, анын ичинде соода борборлоруна, тамак ичкен жайларга көп барбай турууга чакырды. Ошондой эле бул жерде иштегендерге аба тазалаган, дезинфекциялаган атайын жабдууларды коюуну сунуштады, -деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми жергиликтүү бийликтерге түшүндүрүү иштерин жакшылап жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Copyright © 2017 Maral FM