Биз менен байланышыңыз

Мэрия: Арча-Бешик конушунда сел жүрүү коркунучу жок

Кыска кабар | 28 Апр 2024 | 169 | 0

Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунда селдин алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, акыркы 20-30 жылда “Маңка-Жар” коктусуна жакын турак жайларды жыл сайын нөшөрлөп жааган жамгырда суу каптап келген.

«Мындан бир ай мурун Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев нөшөрлөп жааган жамгырда селдин алдын алуу иштерин өзгөчө көзөмөлгө алып, алдын алуу чараларын тез арада жүргүзүүнү тапшырган. Өз учурунда кабыл алынган чаралар Арча-Бешик конушунун тургундарына өзгөчө кырдаалдан сактанууга жардам берди» — деп айтылат маалыматта.

Шаардык кызматтардын жана ӨКМ тарабынан эки сел каптоочу жайда механикалык тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Бүгүнкү күндө аталган биринчи тилкеде селдин үстүнкү калдыктары тазаланып, 1565 м3 топурак чыгарылды.
Экинчи тилкеден 1500м3 топурак чыгарылып, азыркы учурда тазалоо иштери уланууда.

Маселени чечүүгө мэрдин резервдик фондунан каражат бөлүнүп берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM