Аллергия деген эмне?
Аллергия-организмдин иммундук системасынын зыянсыз заттарга: тамак-ашка, өсүмдүк чаңчаларына, жаныбарлардын жүнүнө, тиричилик буюмдарына жана дары-дармектерге болгон реакциясы. Ал тери, дем алуу же системалык көрүнүштөргө ээ болушу мүмкүн. Бул көрүнүш араң байкалып, ыңгайсыздык алып келет жана ал тургай өмүргө коркунуч туудурат.
Аллергиялык белгилердин катарына теринин кызаруусу, кычышуу, жөтөлүү, мурундан суу агуу, көздүн кызарышы жана мурундун бүтүшү кирет. Ангиодема жана анафилактикалык шок — аллергиянын эң коркунучтуу көрүнүшү болуп саналат.
Аллергия төрөлгөндөн баштап же бойго жеткенде пайда болушу мүмкүн. Мисалы, мурда жаныбарлар менен байланышта болбогон адам мышык бар үйгө келгенде мурдунан суу агып, көздөрү шишип, дем алуу кыйын болуп калганын байкашы мүмкүн.
Аллергиянын себептери
Окумуштуулар эмне үчүн кээ бир адамдарда иммундук система кайсы бир заттарга реакция кылып, аларды потенциалдуу кооптуу деп кабыл аларын азырынча аныктай элек. Аллергиянын генетикалык себептери болушу мүмкүн деп эсептешет. Эгерде жакын туугандарынын арасында аллергия бар болсо, адамдын ооруга чалдыгуу мүмкүнчүлүгү жогору.
Аллергиянын пайда болуу ыктымалдыгы стресстен, тамактануу адаттарынан жана экологиялык чөйрө, тышкы факторлордун таасири астында да жогорулайт.
Аллергия кантип өнүгөт?
Адатта, иммундук системанын милдети организмди инфекциялардан жана уулуу заттар сыяктуу кооптуу заттардан коргоо. Бирок аллергияда ал зыяндуу затты коркунучтуу деп эсептеп, денени коргоо үчүн ага кол салат.
Эгер организм кандайдыр бир зат менен байланышканда аны душман деп жаңылса, анда ага атайын антителолор пайда болот. Булар аллергенди тааный турган жана коргонуу механизмин иштете турган иммундук клеткалар.
Мындай заттардын бири — гистамин. Ал сезгенүүнүн медиатору катары иштейт.
Башкача айтканда, иммундук системанын клеткалары ткандардан коркунуч тууралуу маалыматты өткөрүп берет жана кан тамырлардын кеңейишине алып келет. Алардын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатып, иммундук клеткалардын сезгенүү жерине жылышына өбөлгө түзөт. Бул учурда териде кызаруу, кычышуу, мурундан суу агуу, тамактын кычышуусу, чүчкүрүү жана башка реакциялар болушу мүмкүн.
Гистамин иммундук системанын мачталык клеткаларында өндүрүлөт. Алар ар кандай ткандарда, териде, былжыр челдерде, дем алуу органдарында жана ичеги-карын жолунда жайгашкан.
Гистамин кээ бир тамактарда да кездешет. Мындай азыктар аллергияга алып келет.
Гистамини жогору азыктар:
шоколад жана какао;
балык жана деңиз азыктары;
сырлар;
колбаса жана сосиска;
ачыткы жана ачыткы кошулган азыктар;
туздалган капуста;
айрым жемиштер жана мөмөлөр: кулпунай, малина, ананас, банан, цитрус жемиштери, авокадо;
жаңгактар: фундук, жаңгак, бадам;
козу карындар;
консерваланган азыктар.
Аллергия диагнозу
Аллергия сизде байкала турган болсо аллергологго же иммунологго кайрылуу керек. Дарыгер текшерүү жүргүзүп, зарыл болсо башка адистерге — дерматологго, пульмонологго, гастроэнтерологго, офтальмологго жана оториноларингологго консультацияга жөнөтөт.
Аллергияны жеңүүгө жөө басуу жардам берет
Аллергия күчөгөн мезгилде бул илдет менен ооруган адамдар өзүлөрүн коргоо үчүн үйдө камалып отурууну туура деп эсептешет. Чындыгында, андай эмес — басуу жана чуркоо дем алуу органдарынын ишине оң таасирин тийгизет. Бул өз кезегинде аллергендерге туруштук берүүнү жогорулатат.