Биз менен байланышыңыз

Президент Баткендеги куралдуу кол салуудан каза тапкандарды эскерди

Кыска кабар | 28 Апр 2024 | 171 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан курман болгон жарандарды эскерүүгө байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.

Мамлекет башчысынын кайрылуусунда, 2021–2022-жылдардагы каргашалуу күндөрдө эл биримдикте болуп, бул оор сыноо жалаң эле баткендиктердин эмес, жалпы кыргызстандыктардын биримдигин бекемдегени айтылат.
Ошондой эле ошол каргашадагы эр жүрөк азаматтардын каармандыгы менен эрдигин учурдагылар жана кийинки муун дагы эсинен чыгарбайт деп белгилеген.

«Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, биринчи кагылышуудан кийин Баткен облусунда жашаган калкты ар тараптан колдоо, облустун экономикасын өркүндөтүү жана социалдык көйгөйлөрүн чечүү максатында “Баткен облусунун статусу жөнүндө” Мыйзам кабыл алдык. Облуска республикалык бюджеттен жылына 500 млн сом акча каражаты бөлүнүп, максаттуу иштетиле баштады. Учурда облустун аймагында, анын ичинде жабыркаган айылдарда көптөгөн алгылыктуу иштер аткарылып, элибиздин эртеңки күнгө, келечекке болгон ишеними артты», — деп кошумчалаган өлкө башчы.

Андан сырткары учурда кыргыз-тажик чек ара маселелерин чечүү боюнча эки тараптуу мамлекеттик комиссиянын ишинде бир катар алгылыктуу жылыштар болуп жатканы, кыргыз тарап чек ара маселелерин сүйлөшүүлөр жолу менен гана чечүүгө кызыкдар экендигин баса белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM