Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров статистика кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 28 Апр 2024 | 109 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде, мамлекеттик статистиканын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда:

Статистика органдарынын кызматкерлери жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, статистика тутумунун көп жылдардан берки үзгүлтүксүз иши, кадрдык туруктуулугу өз кесибине берилген, мекенчил жана ак ниет кызмат өтөгөн кызматкерлердин аркасында сакталып келе жаткандагын белгиледи.

Ошондой эле  мамлекет башчы расмий статистика – мамлекеттик башкаруунун ажырагыс куралы экенин  жана статистиканын негизинде өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү болжолдонуп,  өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн, өз убагында берилген ишенимдүү жана жеткиликтүү статистикалык маалыматтар өзгөчө мааниге ээ экендигин билдирди.

Куттуктоонун соңуда мамлекет башчы акыркы жылдары Кыргызстандын статистикалык натыйжалуулугунун индекси Борбордук Азияда эң жогору болуп табылганын  айтып кесип ээлерине бекем  ден соолук, бакубат жашоо, кесиптик ишмердүүлүгунө ийгиликтерди каалаган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM