Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Ош жолунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

Кыска кабар | 1 Апр 2021 | 1330 | 0

Бишкек — Ош жолунда жүк ташыган унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Учурда жаап жаткан карга карабастан, Бишкек-Ош жолу жеңил унаалар менен кичи автобустар үчүн ачык. Ашууларда кар жаап жаткандыгына байланыштуу унаа тыгындарын болтурбоо үчүн Жайыл районунун «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди.

Эртең мененки саат 6:00гө карата Бишкек-Ош унаа жолунда тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында, абалды жеринен көрүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жайыл райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу Төө-Ашууга чыгышып, абал турукташкандыгына байланыштуу иш ордуларына кайтып келишкен.

Copyright © 2017 Maral FM