Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: Ош-Бишкек жолу жабылды деген маалымат калп

Кыска кабар | 18 Мар 2020 | 1037 | 0

Жалал-Абаддын Сузак районунда 3 жарандан коронавирус чыкканына байланыштуу вотсап группаларда “Ош-Бишкек трассасы жабылды” деп айтылып жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Кыргыз Өкмөтүндөгү коронавируска байланыштуу жагдайды көзөмөлдөө боюнча ыкчам штабдан билдирди.

Ош-Бишкек трассасы ачык. Аны жабууга негиз жок. Унаалар тоскоолдуксуз өтүп жатат. Зарылчылык болуп жабылса, расмий маалымат айтылат, — деп айтылат билдирүүдө.

Бүгүн бир-эки саат мурда вотсап группаларда “Ош-Бишкек жолу жабылды. Азыр эле приказ чыкты. Ошко жөнөгөндөр кайткыла. Бул жагы Сосновкадан, наркы жагы Токтогул шаарчасынан жабылды» деген билдирүү таратылган.

Бүгүн, 18-мартта Сауд Аравиясынан 12-мартта учуп келген Сузак районунун үч жаранынан коронавирус аныкталган.

Copyright © 2017 Maral FM