Биз менен байланышыңыз

Ош-Бишкек жолунда оор жүк ташуучу унааларга болгон чектөө алынды

Кыска кабар | 5 Апр 2021 | 1612 | 0

Бүгүн, 5-апрель саат 11:15ке карата Бишкек-Ош унаа жолу ачык. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

4-апрель күнү саат 19:00дөн тартып Токтогул районунун «Арал» постунда күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унааларга убактылуу киргизилген чектөө, бүгүн саат 11:10до алынды.

Ал эми Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун Талды-Булак айылындагы постко убактылуу киргизилген чектөө алына элек.

Copyright © 2017 Maral FM