Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Ош жолундагы кар көчкүнү түшүрүү иш-чарасы аяктады

Кыска кабар | 2 Фев 2020 | 563 | 0

Бишкек-Ош унаа жолунун 132-137, 198-255-чакырымдарында кар көчкү коркунучу келип чыккандыгына байланыштуу, 26-январдан 31-январга чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атып түшүрүү иштери жүргүзүлдү. Аталган аралыкта  жалпы 100 даана снаряд атылып, көлөмү 467 430 чарчы метр кар көчкү түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Иш-чарага Куралдуу күчтөрдүн генералдык штабынын артиллериялык эсеби тартылды. Мындан тышкары, Транспорт жана жолдор министрлиги кар көчкү жолго түшсө, өз убагында жолду кардан тазалоону камсыз кылат.

Ички иштер министрлиги кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүү мезгилинде унаа жолдорундагы унаа каражаттарынын кыймылын коопсуз аралыкта убактылуу жабууну жана кар көчкүлөрдүн атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлүп жаткан жерлерде коомдук тартипти сактоону камсыз кылат. Саламаттык сактоо министрлигинен  тиешелүү медицина кызматкерлери коштойт.

Copyright © 2017 Maral FM