Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: Кар көчкүдө калган дагы бир жарандын сөөгү табылды

Кыска кабар | 26 Фев 2022 | 468 | 0

Түндүк-Түштүк магистралынын Көкарт ашуусунун тушунда иштеп жатып, көчкүгө басылып калган 4 жумушчунун дагы бири табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Айта кетсек, 14-февралда Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Көкарт ашуусу тушунан көчкү жүрүп, «Чайна Роуд» компаниясынын 4 жолчусун унаалары менен кошо басып калган.

Издөө иштерин 74 куткаруучу, 4 чек арачы, 4 жол-кайгуул кызматкери, каза болгон кыргыз жигиттин 4 тууганы, «Тез жардам» кызматынын бир бригадасы жүргүзүп, «Чайна Роуд» ишканасынан 7 атайын техника тартылган.

Бүгүн, 26-февралдагы издөө иштеринин натыйжасында 12:30 чамасында 1998-жылы туулган К.А. аттуу кыргыз жаранынын сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилген. Андан соң саат 15:30 чамасында бир кытай (аты-жөнү такталууда) жаранынын сөөгү табылган.

Буга чейин, 24-февралда «Пикап» унаасы табылган болчу. Учурда калган эки кытай жараны изделип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM