Биз менен байланышыңыз

Кар көчкүдөн Бишкек-Ош жолундагы каттамга чектөө киргизилди

Кыска кабар | 19 Мар 2020 | 708 | 0

Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түшүп, каттамга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 19-мартта саат 10:20лар чамасында Жалал-Абад облусунун Токтогул району аркылуу өткөн Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында (Пельменный тилкеси) кар көчкү түшүп, унаа жолду жаап калган.  Буга байланыштуу, Токтогул районунун «Арал» постунда саат 11:10дон тартып унаалардын баардык түрлөрүнө убактылуу чектөө киргизилди.

Copyright © 2017 Maral FM