Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү: Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Кыска кабар | 21 мая 2020 | 835 | 0

Бүгүн, 21-майдан 22-майга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Каракол-Эңилчек унаа жолунун 76-86-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Унаалардын ортосундагы 500 метрлик аралык кыймыл менен чектелиши жана малчылар малын жайлоого чыгаруусун убактылуу токтотуп туруусу зарыл.

Сак болуңуздар!

Copyright © 2017 Maral FM