Биз менен байланышыңыз

Чаткал районунда кар көчкүдөн жабылган жолдор ачылды

Кыска кабар | 24 Фев 2020 | 528 | 0

23-февралда саат 16:50 чамасында Жалал-Абад облусунун Чаткал районуда Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 86-88-чакыр аралыктарында 8 миң чарчы метр кар көчкү түшүп, унаа жолу жабылган. 2 даана техника тартылып, саат 20:40та унаа жолу бир тараптуу ачылган. 

Бүгүн, 24-февралда саат 07:30да кеңейтүү иштери башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жабыркагандар жок. 

Copyright © 2017 Maral FM