Биз менен байланышыңыз

Ашууларда көчкүлөр түшүрүлүп жатат. Жол кыймылы чектелди

Кыска кабар | 19 Фев 2020 | 530 | 0

Бүгүн, 19-февралдан тарта Бишкек-Ош жолунун ашууларындагы кар көчкүлөрдү атып түшүрүү иши башталды. Буга карата жол кыймылы убактылуу чектелди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт.

Иш-чара Бишкек-Ош унаа жолунда 132-137 чакырымы, Төө-Ашуу ашуусу, 198-255 чакырым, Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайында башталды. Аны ӨКМдин ыкчам тобу жана Куралдуу Күчтөрдүн башкы штабынын артиллериялык тобу жүргүзүп жатат.

Буга байланыштуу коопсуздук чараларын сактоо максатында, Кусеин Көлбаев атындагы тоннели саат 17:00 дөн баштап убактылуу жабылды. Эскерте кетсек, кар көчкүнү мажбурлап атуу иш-чарасы бүткөн соң, тоннель кайра ачылат.

Транспорт жана жолдор министрлиги кар көчкү жолго түшсө, өз убагында жолдорду кардан тазалоону, ал эми Ички иштер министрлиги жолдогу унаа кыймылын коопсуз аралыкта убактылуу жабууну жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылат.

Артиллериялык расчетту иш-чара аяктаганга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү кызматкерлери коштоп жүрөт.

Иш-чара жүрүп жаткан участокко унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилет (ошол гана участокко, маселен 250 чакырымда), жумуш бүткөн соң чектөө алынат.

Бишкек-Ош автоунаа жолу толугу менен жабылбайт.

Copyright © 2017 Maral FM