Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Ош жолунда кар көчкүлөрдү атып түшүрүү иши жүрүүдө

Кыска кабар | 20 Фев 2020 | 562 | 0

Бишкек-Ош унаа жолунун Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы аймагында кар көчкүлөрүн атайылап атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп, 20 380 чарчы метр куб кар көчкү түшүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалымат кызматы билдирди.

ӨКМдин ыкчам тобу жана Куралдуу күчтөрдүн артиллериялык тобу саат 10:20дан саат 10:40ка чейин унаа жолдун 231-чакырымында,  Итагар тилкесинде снаряд атып, 7 500 м3 кар көчкү түшкөн.

Саат 11:25- 11:40 убакыт аралыгында 227-чакырымда, Ала-Бел ашуусунун бөлүгүндө 1 680 м3 кар көчкү, 223-чакырымда Ала-Бел ашуусунда 6 680 м3 кар көчкү, 222-чакырымда 4 520 м3 кар көчкү атылып түшүрүлдү. Жалпы 20 380 м3 кар көчкү түшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM