Биз менен байланышыңыз

Ош— Бишкек жолу: Оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

Кыска кабар | 24 Янв 2020 | 526 | 0

Бүгүн, 24-январда саат 17:00дөн тарта Бишкек— Ош унаа жолунун 272-чакырымында жайгашкан “Арал” стационардык постунда оор жүк ташуучу унааларга жол көзөмөлдөөчүлөр тарабынан убактылуу чектөө киргизилди. Буга аба ырайы суук болуп, жолдогу кар эрибей, жолдун тайгак экени себеп болгон.

Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнөн (ЖККК) билдиришти.

Бүгүн кан жолдогу Ала-Бел ашуусунда кардын калыңдыгынан улам узун тыгын пайда болуп, ал 3 саатка созулган. Токтогул райондук ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан тыгындар жоюлуп, жеринде №23 жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тынбай иш алып барууда.

Copyright © 2017 Maral FM