Биз менен байланышыңыз

Бишкекте митинг өткөрбөө чечими артка кайтарылды

Кыска кабар | 7 Мар 2020 | 619 | 0

Бишкекте митинг өткөрүүнү убактылуу чектөө чечими артка кайтарылды. Бул тууралуу шаардык башкармалыктын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев билдирди.

Эске салсак, буга чейин 2020-жылдын 1-июлуна чейин митингдерди өткөрүүгө чек коюу боюнча сотко кайрылган.

— Митингдер баш калаанын күнүмдүк турмушунун туруктуулугуна тескери таасир тийгизет. Практикадан белгилүү болгондой, акциянын уюштуруучулары миңдеп чогулган адамдарды тийиштүү деңгээлде көзөмөлдөй албайт. Натыйжада? башаламандык пайда болот. Жол кыймылына тоскоолдуктар жаралып, тыгындар жаралат, — деген Биринчи май райондук акимчилиги митингдерге убактылуу чектөө боюнча сунуш киргизген.

Митингдерге чектөө киргизүүнүн дагы себеби коронавирустун жайылып жаткандыгына байланыштуу экендиги айтылган.

Бул чечим кабыл алынган соң, коомчулук мыйзамга туура келбегендигин айтып, нааразычылыктар жаралган. Мындан улам, мэрия чечимди артка кайтарды.

Copyright © 2017 Maral FM