Биз менен байланышыңыз

Ош-Бишкек жолунда жол кырсыгынан 4 адам каза болду

Кыска кабар | 25 мая 2020 | 1171 | 0

Бүгүн, 25-майга караган түнү болжол менен түнкү саат 01:00дө Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгы болгон. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, Honda Odysse унаасынын айдоочусу унааны башкара албай, жарга кулап түшкөн.

Жол кырсыгынан кийин унаанын айдоочусу жана үч адам каза болуп, дагы үч адам жаракат алышкан.

Copyright © 2017 Maral FM