Биз менен байланышыңыз

Орусиядан Кыргызстанга акча которуунун жогорку чеги 150 миң рублга көтөрүлдү

Кыска кабар | 19 Дек 2019 | 1351 | 0

Орусия Федерациясынан Кыргызстанга акча которуудагы чектөөнүн көлөмү 100 миң рублдан 150 миң рублга чейин көбөйдү.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, акча которуудагы чектөөгө байланышкан маселе Кыргыз Өкмөтүнүн демилгеси менен ушул жылдын октябрь айынын аягында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин алкагында Евразия экономикалык биримдигине мүчө-өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин деңгээлинде каралган.

Бул маселенин үстүндө иштөөнүн натыйжасында «Юнистрим» төлөм системасынын Кыргызстанга акча каражаттарын трансчекаралык которуусунун шарттары өзгөртүлдү. Ага ылайык, каражаттын булагын тастыктай турган документтерсиз которуулардын максималдуу суммасы 150 миң орус рублин түзөт.

Буга чейин Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, бул маселенин көпчүлүк биздин жарандардын кызыкчылыгына таасир этерин эске алганда, дал ушундай маселелер Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин аянтчасында чечилиш керек.

Copyright © 2017 Maral FM