Биз менен байланышыңыз

11 айда жеке адамдардын акча которуулары 11,6%га азайган

Кыска кабар | 21 Янв 2020 | 457 | 0

2019-жылдын 11 айында жеке адамдардын акча которуулары 11,6%га азайган. Бул тууралуу маалымат жыйында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Ал белгилегендей, жеке адамдардын акча которуулары боюнча дүң агылып кирүүнүн көлөмү 2019-жылдын 11 айында 2 млрд. 192 млн долларды түзгөн. Ал 2018-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 11,6 %га төмөн.

«Кыргызстандан 493,5 млн. доллар суммасында акча которулган. Ал 2018-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 0,2%га төмөн дегенди билдирет. Жыйынтыгында, отчеттук жыл ичинде акча которуу системасы аркылуу келип түшкөн каражаттардын таза агылып кирүүсү 14,4 %га төмөндөп, 1 млрд. 698,5 млн. долларды түзгөн» , — деди Абдыгулов.

Copyright © 2017 Maral FM