Биз менен байланышыңыз

COVID-19 атайын эсебине 35 млн сомдон ашык акча каражаты түштү

Кыска кабар | 26 Мар 2020 | 1002 | 0

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды өткөрүүгө жеке жана юридикалык жактардан ыктыярдуу төлөмдөр жана кайтарымсыз каражаттарды чегерүү жолу менен ачылган КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын эсебине 2020-жылдын 25-марты (саат 17.00) 35 млн 293 миң 891 сом келип түштү.

Мобилдик банкинг аркылуу чегерилген акчалардын эсептери КР Каржы министрлигинин сайтында жарыяланган www.minfin.kg.

Каржылоо жана каражаттарды бөлүштүрүүнүн ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында комиссия түзүлүп, анын курамына ЖК депутаттары, жарандык активисттер жана коомдук ишмерлер кирет.

Кошумчалай кетсек, аталган эсеп коронавирустан коргонуу ишине каржылык колдоо көрсөтүү үчүн ачылган. Ага юридикалык жана жеке жактар ыктыярдуу түрдө каражат которо алат.

Кытайдан дарыгерлерди алып келүү муктаждыгы жок

Copyright © 2017 Maral FM