Биз менен байланышыңыз

Сооронбай Жээнбеков Санкт-Петербург шаарына учуп кетти

Кыска кабар | 20 Дек 2019 | 708 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-декабрда Жогорку евразиялык экономикалык Кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына учуп кетти. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

ЖЕЭКтин жыйындарында чакан жана кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрдөн сырткары, КМШ мамлекет башчыларынын бейформалдуу жолугушуусу өтөт.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында: Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын  Орусия Федерациясындагы элчиси Аликбек Жекшенкулов, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана экономика министри Санжар Муканбетов бар.

Copyright © 2017 Maral FM