Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-декабрда Жогорку евразиялык экономикалык Кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына учуп кетти. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.
ЖЕЭКтин жыйындарында чакан жана кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрдөн сырткары, КМШ мамлекет башчыларынын бейформалдуу жолугушуусу өтөт.
Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында: Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Орусия Федерациясындагы элчиси Аликбек Жекшенкулов, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана экономика министри Санжар Муканбетов бар.