Биз менен байланышыңыз

Мигранттар жыл башынан бери өлкөгө 100 миң доллардан ашык каражат которгон

Кыска кабар | 6 Июн 2019 | 528 | 0

Жыл башынан бери кыргыз мигранттары өлкөгө 100 миң доллардан ашык каражат которгон. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын миграциялык саясат бөлүмүнүн башчысы Майрамбек Бейшенов маалымат жыйында билдирди.

Анын берген маалыматына ылайык, өткөн жылдын жыйынтыгы менен мигранттар которгон каражат 2,6 млрд. долларды түзгөн.

Белгилей кетсек, учурда 800 миңден ашуун Кыргызстандын жараны чет өлкөдө иштейт. Алардын 80 %ы Орусия, Түркия, жана Кореяда.

Copyright © 2017 Maral FM