Биз менен байланышыңыз

Долонбаева: Мигранттар Орусиянын мыйзамына нааразы болуп жатышат

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Фев 2022 | 1665 | 0

Чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктардын маселелери 10 жылдан бери чечилбей келет. Бул тууралуу «Кыргызстан-Урал» диаспорасынын төрайымы Гүлшан Долонбаева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, учурда чет жердеги мекендештерибиздин социалдык абалы, юридикалык сабаты жакшырып, мурункуга салыштырмалуу жылыш бар. Ошол эле учурда түйшөлткөн көйгөйлөр да жок эмес. Алардын эң орчундуусу: маалыматтын жетишсиздиги жана миграция жаатында узак мөөнөттүү, натыйжалуу иш-аракеттердин жоктугу.

Айта кетсек, 2021-жылы Орусия президенти миграция боюнча №215 федералдык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, мындан ары чет өлкөдөн Орусияга келген жарандар ИИМге каттоого туруп, сүрөтүн, биометрикалык маалыматтарын, манжа изин тапшырат, медициналык кароодон өтөт. Бул мигранттарга оорчулук жаратып, нааразы болгондор көбөйүүдө. Ушул мыйзамдын айынан канчалаган кыргызстандыктар депортацияга тушугуп, «кара тизмеге» киргизилип жатышат.

Статистикалык маалыматка таянып айтсак, чет жердеги кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү, тагыраагы, 85%ы Орусияда эмгектенет.

Copyright © 2017 Maral FM