Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Кыргызстандыктардын чет өлкөлөргө чыгуу талаптары боюнча маалымат

Кыска кабар | 8 Фев 2021 | 786 | 1

Тышкы иштер министрлиги чет мамлекеттердин COVID-19 инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү чараларын эске алуу менен чет өлкөгө кирүү үчүн коюлган талаптары жөнүндө маалымат берди.

Америка Кошмо Штаттарында ушул жылдын 26-январынан тартып COVID-19га карата ПЧР-тесттин терс жыйынтыгынын болушу тууралуу талап киргизилген.

АКШга кирүү үчүн COVID-19га карата учканга чейинки акыркы 72 саат ичинде тапшырылган тесттин терс жыйынтыгы же акыркы үч ай ичинде айыккандыгын тастыктаган документ талап кылынат. Бул талаптар 2 жаштан жогорку бардык адамдарга тиешелүү.

Ошондой эле АКШга уча турган каттамга отурганда, авиакомпаниялар «Passenger Disclosure and Attestation to the USA» формасы толтурулгандыгын текшерет.

Түркия өкмөтүнүн чечими менен Түркияга келген чет мамлекеттердин жарандары үчүн COVID-19 инфекциясынын жоктугун күбөлөндүргөн акыркы 72 саатта (3 күндө) алынган ПЧР анализинин  жыйынтыгынын болушу тууралуу талап киргизилген.

Мындан тышкары, акыркы күндөрү Улуу Британияда, Түштүк Африка Республикасында, Данияда жана Бразилияда болуп келген адамдар терс жыйынтыкты көрсөткөн ПЧР- тестин тапшыруу зарылдыгынан тышкары, Түркияга киргенден кийин, 14 күндүк карантинде болушат. Карантиндин 10-күнү ПЧР-тесттен өтүшөт. Натыйжасы терс чыкса, карантин токтотулат. ПЧР изилдөөсүнөн өтпөгөндөр үчүн карантин 14-күнү аяктайт. Оң натыйжа чыкса, дарылоо Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин COVID-19 боюнча көрсөтмөлөрүнө ылайык жүргүзүлөт.

Германия кирүү талаптарын күчөтүүдө. Киргенде эле милдеттүү тестирлөө жүргүзүлөт: Германиянын аймагына киргенге чейинки акыркы 48 сааттын ичинде же киргенден кийин дароо. Ошондой эле үй карантинин милдеттүү түрдө сактоо киргизилген, ал Германияга киргенден кийинки 5 күндөн соң алынган ПЧР-тесттин жыйынтыгы терс чыкса, азайтылышы мүмкүн.

Өткөн жылдын 25-декабрынан баштап Өзбекстанга киргендерде коронавируска каршы экспресс-тест жүргүзүү талабы киргизилген. Ошол эле убакта бул процедура COVID-19дун жоктугу тууралуу күбөлүгү бар адамдарга да тиешелүү.Чек арадан бир күндө бир нече жолу өтсө да, тестти өткөрүү талабы ар бир өткөн учурга тиешелүү бойдон кала берет.

Индонезия өкмөтү ушул жылдын 26-январынан тартып өлкөгө кирүүгө убактылуу чектөө киргизилгенин маалымдайт.

Беларусия министрлер кеңешинин 2020-жылдын 21-декабрындагы №705 токтомуна ылайык, өлкөгө кирүүнүн жана чыгуунун тартиби өзгөртүлөт. Тактап айтканда, аталган өлкөгө мамлекеттик чек арасынын автоунаа өткөрүү пункттарынан, жөнөкөйлөтүлгөн өткөрүү пункттарынан, темир жол бекеттериндеги, дарыя портторундагы өткөрүү пункттарынан чет өлкөлүк жарандар менен жарандыгы жок адамдарды өткөрүү убактылуу токтотулду. Чектөө Минск улуттук аэропорту аркылуу кирген адамдарга тиешелүү эмес.

Кытай өкмөтү коронавирус инфекциясынын жайылуу тобокелдигин азайтуу максатында ПЧР -тестин жана COVID-19га карата IgM Антителосун аныктоочу тестин алуу зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алды.

Вакцинацияланган жүргүнчүлөр паспортун, ПЧР-тесттин жыйынтыгын, IgM Антитело тестинин жыйынтыгын жана эмдөө сертификатын http://hrhk.cs.mfa.gov.cn/H5/ сайты аркылуу жүктөшү керек. Текшергенден жана жактыруудан кийин Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги чет өлкөлүк жарандарга «HDC» белгиси бар Саламаттыгы тууралуу «жашыл маалымкат» берет. Учакка отуруп жатканда, Саламаттыгы тууралуу «жашыл маалымкаттын» электрондук же кагаз түрүн көрсөтүп, текшерүү үчүн авиакомпанияга тапшыруу керек.

Ошол эле учурда, Министрлик Оман Султандыгы 103 мамлекеттин жарандары, анын ичинде Кыргызтандын жарандары үчүн төмөнкү шарттарда жана төмөнкү документтер менен Оманга кире ала турган жарандардын виза режимин жеңилдеткенин маалымдайт:

  • Кирүү учурунда кеминде 6 айга жарактуу эл аралык паспорту;
  • Ырасталган кайра кайтуу билети;
  • Мейманканадан орун алынгандыгын ырастоо:
  • Медициналык камсыздандыруу полиси;
  • Чет жердеги чыгымдарды жабуу үчүн финансы каражаттары.

Бул жерде болуунун максималдуу мөөнөтү – 14 календардык күн. Ал жерде жүрүү мөөнөтүн узартууга же резиденттик визанын ар кандай түрүнө алмаштырууга болбойт. Жүргөн убактысы ашып кетсе, ашып кеткен ар бир күнүнө 10 риал өлчөмүндө айып салынат.Эгерде Оманда болуу мезгили барган адам үчүн жетишсиз болсо, ал Оманга келгенге чейин эле алдын ала ар бир түрү үчүн белгиленген системага жана консулдук жыйымдарга ылайык, туристтик визанын башка түрлөрүнүн бирин сурай алат.

Туризм визаларынын башка түрлөрү (бир айлык туристтик виза, көп жолку туристтик виза, Перс булуңундагы Кызматташтык Кеңешине кирген өлкөлөрдө жашап турууга уруксаты бар чет өлкөлүк жарандар үчүн жылдык туристтик виза) тиешелүү тутумга ылайык жеткиликтүү болот.

Бул мүмкүнчүлүктөн Перс булуңундагы Кызматташтык Кеңешине кирген өлкөлөрдүн биринде иштөө визалары бар чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Кыргыз жарандары да пайдалана алат.

Ошондой эле жөнөкөйлөтүлгөн кирүү тутуму, эгерде сизде төмөнкү өлкөлөрдүн: АКШ, Канада, Австралия, Улуу Британия, Япония, Шенген өлкөлөрүнүн жарактуу визасы болсо иштейт.

Оман тарап бул жөнөкөйлөштүрүлгөн кирүү тутуму Оман Султандыгына иштөө үчүн барууну, ошондой эле андан кийин жашап калууга уруксат алуу максатында башка типтеги виза алуу үчүн арыз жазууну карабайт деп белгилейт.

1 пикир

1 пикир

  1. Аида

    08.02.2021 15:13

    РФнын шарты керек го бизге, канчалаган мекендештерибиз, негизсиз учалбай, же ошол кагазды акчага сатып алып кыйналып учуп кеткендер коп болду…

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM