Биз менен байланышыңыз

Миграция кызматын ТИМге берүү сунушталды. Коомдук кеңеш каршы

Коом | 21 Сен 2019 | 812 | 0

Өкмөткө караштуу Миграция мамлекеттик кызматын Тышкы иштер министрлигине өткөрүп берүү сунушталды. Буга Миграция кызматынын коомдук кеңеши каршы экендиктерин айтууда. Алардын белгилешинче, тескерисинче ички жана тышкы миграция көбөйүп жаткандыктан, бул кызматтын макамын жогорулатуу зарыл. 

Бүгүнкү күндө 2 миллиондон ашуун кыргызстандык ар кандай себептер менен убактылуу башка өлкөдө. Алардын саны күн санап өсүүдө. Мындан улам миграция маселеси да көбөйүп жатат. Бул тууралуу мамлекеттик миграция кызматынын алдындагы коомдук кеңештин мүчөсү Нурбүбү Керимова маалымдады. Анын белгилешинче, сөз болуп жаткан кызмат Тышкы иштер министрлигинин алдында түзүлгөн департаментке берилип, жыйынтыгы күткөндөй болгон эмес.

— «Миграцияда миллион кыргызстандык бар», — деп жатышат. Андай эмес, бүгүнкү күндө 2 миллиондой кыргыздын жараны сыртта жүрөт. Тышкы иштер министрлигине айтып жатабыз: «Силердин жумушуңар бөлөк, силер деген дипломат болушуңар керек, миграция маселеси менен алектенгенге убактыңар да, мүмкүнчүлүк да жок болот», — деп. Буга чейин 2002-2005-жылы, андан кийин 2011-жылы ТИМдин алдына департамент түзүлгөн, «Миграция маселесин чечебиз», — деп. Экөөндө тең максатына жетпей, 2013-жылы «Биздин убактыбыз жок», — деп кайра берип койгон.

Миграция кызматынын мигранттарга көмөгү чоң

Тышкы иштер министрлигинин өкүлчүлүктөрү менен негизинен Европа өлкөлөрүндөгү мигранттар иштешет. Алардын жарымынан көбү Орусия менен Түркияда. Ошондон улам да бул өлкөлөрдөгү жарандарыбызга миграция кызматынын көмөгү көбүрөөк тийип жатат. «Замандаш» ассосиациясынын төрагасы Абдрасул Айдаровдун айтымында, бул боюнча коомчулуктан сурамжылоо жүргүзсө да, миграция кызматына ыраазычылык айткандар көп болот. Анын кошумчалашынча, Орусияда миграция кызматынын 9 өкүлү бар, алардын санын көбөйтүү зарыл.

— Миграция агымы жылдан-жылга өсүүдө. Ошол себептен анын көйгөлөрү да күчөп жатат. Миграция кызматынын ишмердүүлүгү боюнча сурамжылоо жүргүзсө да, аларга көпчүлүк ыраазычылыгын айтат. Бул кызматтын Орусияда 9 эле өкүлү бар, тескерисинче, ошолордун санын көбөйтүү зарыл.

Жанар Акаев: Ички миграция көзөмөлдөнбөй калууда

Эл өкүлү Жанар Акаевдин пикиринде, бүгүнкү күндө миграция кызматынын ордун күчөтүү зарыл. Анткени, сырткы гана эмес, ички миграцияда да көзөмөл тиешелүү деңгээлде эмес. Ошондой эле, миграция боюнча атайын министрлиги бар өлкөлөрдү мисал келтирди.

— Миграция кызматынын Тышкы иштер министрлигине өтүшүнө каршымын, албетте. Анткени, «Элди багып жаткан, экономиканын өзөгүн түзүп жаткан мигранттардан келген акча», — деп жатпайбызбы. Анан алар бир агенттик же департамент болуп калса, мисалы Орусияга барып сүйлөшүүлөрдү ким жүргүзөт? Тескерисинче, бир топ өлкөлөрдө эмгек берүү, жумушка жайгаштыруу боюнча атайын министрлик бар. Мындан улам бул кызматтын ордун күчөтүү керек. Анткени, мына ички миграция, Өзбекстандан келген жалданма адамдарды көзөмөлдөгөн эч ким жок.

Мамбетжунус Абылов: ТИМдин иши — дипломатия

Кыргызстандын Түркиядагы жана Малайзиядагы мурдагы элчиси Мамбетжунус Абылов да миграция кызматын ТИМге берүү туура эмес болорун билдирди. Анын белгилешинче, дипломатиялык институт жарандык жумушсуздуктан чыккан маселе менен алектене албайт. Алардын болгону коопсуздук бөлүмү өз ишин аткаруусу керек.

— Миграция менен ТИМдин тыгыз иштөөсү кичине оордук кылат деген оюм бар. Себеп дегенде, ТИМ — бул, дипломатиялык институт. Ал эми миграция — бул, биздин жарандык жумушсуздуктан келип чыккан маселе. ТИМдин бул жактан жарандарды жумуш менен камсыздап, убактылуу башка өлкөгө кеткендердин санын азайтууга мүмкүнчүлүгү жок. Анын ишине да кирбейт. Эгерде бүт мигранттардын укугун коргош үчүн жасалып жаткан болсо, ансыз деле министрлик коопсуздук бөлүмдөрүн камсыз кылышы керек.

Бул маселе боюнча ТИМге байланышканыбызда, алар маалыматтары жок экенин билдиришти. Ал эми миграция кызматына байланыша албадык. Биз аларды да угууга даярбыз.

Copyright © 2017 Maral FM