Биз менен байланышыңыз

Париж: мыйзамсыз лагердеги мигранттар көчүрүлөт

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Ноя 2019 | 651 | 0

Франциянын борбору Париждин түндүк-чыгышы жана Сен-Дени аймагындагы мыйзамсыз түзүлгөн 2 лагердеги мигранттар көчүрүлөт. Аларды эвакуациялоо үчүн 600 полиция кызматкери тартылган. Жалпы 1200 адамды көчүрүү пландалууда. Мигранттардын көпчүлүгү – Сомали, Ооганстан жана Чад өлкөлөрүнөн.

Учурда жүздөгөн мигрант алгачкы автобустар менен убактылуу жайгаштыруу үчүн качкындарды кабыл алуучу борборго алынып келинди.

Белгилей кетсек, Судан, Эритрея, Ооганстан, Сирия жана Ливия өлкөлөрүнөн күнүнө аз дегенде 70 адам келет.

Буга чейин Франциянын ИИМи Кристофор Кастанер жылдын аягына чейин легалдуу эмес миграция маселесин чечүү максатын билдирген.

 

Copyright © 2017 Maral FM