Биз менен байланышыңыз

Мартта Кыргызстандагы жана Орусиядагы ишкер аялдардын форуму өтөт

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Фев 2022 | 877 | 0

Быйыл 4-5 мартта Орусиянын Екатеринбург шаарында «Миграциянын аял жүзү: Аймактын туруктуу өнүгүүсүн калыптандырууда ишкер аялдардын ролу» аттуу эл аралык конференция өтөт. Бул тууралуу «Кыргызстан-Урал» диаспорасынын төрайымы Гүлшан Долонбаева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Аталган конференциянын максаты Орусиядагы кыргыз ишкер айымдардын эмгегин көрсөтүп баалоо жана даңазалоо болуп саналат. Себеби Орусиядагы ишкер айымдар дайыма көңүл сыртында калып, аларга эч ким көңүл бурбасын айтат Долонбаева.

Конференцияда Екатеринбургда иштеп жаткан мигрант аялдар Кыргызстандагы ишкерлер менен биргеликте ишмердикти өнүктүрүү жаатында план, идеялар талкуулашат. Ошондой эле туризм жана тейлөө, саламаттыкты сактоо, сулуулукка кам көрүү, ресторан иштетүү тармактары боюнча дасыккан адистер атайын сабактарды өтөт.

Андан тышкары өлкөлөр аралык инвестиция боюнча да сүйлөшүүлөр жүрөт. Аны менен бирге эки өлкө ортосунда инвестицияларды тартуу иш-аракеттери да көрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM