Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы миграция агымы күч алууда

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Фев 2022 | 1384 | 0

Кыргызстанда акыркы жылдары миграция агымы күч алууда. Ага себеп болгон жагдайларды Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар маселелери боюнча Кеңештин жетекчиси Медет Рахман «Маралдын» эфиринде санап берди.

Анын айтымында, миграцияга жумуш орундардын жоктугу, жумуш табылса, айлыктын аздыгы себеп болууда. Бул бардык жаранды түйшөлтөт.

Ошол эле учурда билим берүү системасындагы мүчүлүштүктөр да кыргызстандыктарды чет жакка чыгып кетүүгө аргасыз кылууда.

Андан тышкары экологиянын начардыгы, айылдарда социалдык шарттын жоктугу, маселен, китепкана, спорт зал, кинотеатр сыяктуу жайлардын салынбаганы да буга түрткү берип жатат.

Медет Рахман миграция жаатындагы маселелерди мамлекет өзү чече албаса, бул ишти коомдук, ал аралык уюмдарга берип, чогуу бир багытта иш алып барса, натыйжалуу болмогун кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM