Биз менен байланышыңыз

Түркия ЕБ качкындарды токтотууга берген 1 млрд доллардан баш тартты

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Мар 2020 | 723 | 0

Режеп Тайип Эрдоган Евро биримдик сириялык качкындарды Түркия чек арасынан чыгарбоо үчүн бөлүп берген кошумча 1 млрд долларды алгандан баш тартты.  Идлибдеги окуялардын мүнөзү курчугандан кийин Түркия мигранттар менен качкындардын селдей каптаган агымын токтото албай тургандыгын билдирип, ЕБ өлкөлөрүнө карата чек араларын ачкандыгын жарыялаган. Ушул билдирүүдөн соң, миңдеген мигранттар Грециянын чек арасын көздөй жөнөшкөн. Үч күндүн ичинде чек араны бузуп өтүүгө аракет кылынган 20000 факты катталган. Чек араны жүздөгөн полиция кызматкерлери, ошондой эле аскердик бөлүктөр кайтарууда.

Түркия президентинин айтымында, ЕБга мүчө мамлекеттердин арасында качкындар боюнча жоопкерчиликти адилеттүү бөлүштүрүү боюнча Түркиянын күтүүлөрү жоопсуз калган. “Биз ЕБ берген акчаларды алгыбыз келбейт. Түркия качкындарга ансыз деле 40 миллиард долларын коротту. Мындай акчаны биз өзүбүз деле табабыз”, — деп Эрдоган Анкарада Болгариянын премьер-министри Бойко Борисовдун катышуусунда болуп өткөн пресс-конференцияда билдирген.

Ошондой эле ал дүйшөмбү күнү түрк-грек чек арасынан өтүүгө аракет кылган эки мигрантты грек аскерлери өлтүргөнүн да кошумчалады.

2016-жылдын март айынын орто ченинде  ЕБга мүчө мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн башчылары Түркиядагы миграциялык кризис менен күрөшүүнүн планын биргеликте иштеп чыгышкан. Анда түрк тараптан Грецияга келген легалдуу эмес мигранттарды Түркияга кайтаруу, ошондой эле легалдуу сириялык мигранттарды “бирге-бир” принцибинин негизинде ЕБга кабыл алууда Анкарага каржылык жактан жардам берүү тууралуу каралган. Мурдараак Эрдоган ЕБны миграциялык келишимдин алкагында каржылык милдеттемелерди аткарбагандыгы үчүн күнөөлөгөн.

Copyright © 2017 Maral FM