Connect with us

Навальныйдын кармалышы: Европа Орусияны жаңы санкциялар менен коркутууда

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Янв 2021 | 1420 | 0

Евробиримдиктин бир катар мүчөлөрү орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын камакка алынышы, аны колдогон нааразылык акцияларынын таркатылышы — Орусияга каршы жаңы санкциялардын киргизилиши үчүн негиз болушу керек деп эсептешет.

Мисалы, Эстония, Латвия жана Литванын Тышкы иштер министрлери ишемби, жекшемби күндөрү өткөн митингдерде камакка алууга жооптуу чиновниктерге каршы санкцияларды киргизүүнү талап кылышты.

Польшанын президенти Анжей Дуда Британиянын «Financial Times» гезитине берген маегинде: «Санкциялар — Орусияны эл аралык мыйзамдарды сактоого мажбурлай турган жалгыз жол», — деп айтты.

«BBC» маалымдагандай, Орусиянын коопсуздук күчтөрүнүн аракеттерин француз жана немис саясатчылары, ошондой эле АКШнын Мамлекеттик департаменти да айыптады.

Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлеринин жетекчиси Хосеп Боррелдин айтымында, санкцияларды күчөтүү маселеси бүгүн, 25-январда Тышкы иштер министрлеринин жыйынында талкууланат. Блок Навальныйдын тагдырын жакындан байкап, Орусия менен мамилеге таасирин тийгизе турган тыянак чыгарат.

23-январда Орусиянын бир катар шаарларында оппозиция лидери Алексей Навальныйды колдогон нааразылык акциялары жана анын катышуучуларынын кармалышы өткөн демалыш күндөрүнүн эң чоң окуясы болду.

Укук коргоочулардын айтымында, Орусия боюнча митингдерде 3 миңден ашуун адам кармалган.

Навальный 17-январда Германиядан Москвага келгенде «Шереметьево» аэропортунан кармалды, ал 2020-жылдын август айында ууландырылганы үчүн Германияда дарыланып жаткан.

Орусиянын Жаза аткаруу кызматы Навальныйды «Ив Роше» деп аталган иш боюнча шарттуу жаза мөөнөтүнүн эрежесин бузганы үчүн камаган. 18-январда Москванын Химки сотунун чечими менен ал 15-февралга чейин камакта калтырылды.

Copyright © 2017 Maral FM