Биз менен байланышыңыз

Евробиримдик коронавирус боюнча чукул саммит өткөрөт

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Окт 2020 | 436 | 0

Европа Кеңешинин төрагасы Чарльз Мишель 29-октябрда коронавируска байланыштуу Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын саммитин өткөрүүнү чечти.

Жолугушуу онлайн режиминде болот.

«Мен бардык лидерлерди 29-октябрда коронавирус боюнча расмий эмес видео конференцияга чакырам. Биз коронавируска каршы күрөшүүдө жамааттык аракеттерибизди күчөтүшүбүз керек», — деди Чарльз Мишель.

Саммит Европа Биримдигинин октябрь айында өтө турган үчүнчү саммити болот, бирок биринчи жолу коронавируска байланыштуу чараларга гана көңүл бурулат.

Европада 7,5 миллиондон ашык учур катталган. Ошол эле учурда Европа өлкөлөрүндө коронавируска байланыштуу абал кескин начарлап, көптөгөн мамлекеттерде бул илдеттин рекорддук учурлары катталууда.

Copyright © 2017 Maral FM