Биз менен байланышыңыз

ЕБ Түндүк Кореяга каршы санкцияларын дагы бир жылга узартты

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Июл 2020 | 536 | 0

Европа Биримдиги Түндүк Кореяга каршы санкцияларын дагы бир жылга узартты.

Биримдиктин Кеңеши жарыялаган маалыматка ылайык, Түндүк Кореянын өзөктүк куралга, баллистикалык ракеталарына жана массалык кыргын салуучу куралдын башка түрлөрүнө байланыштуу программаларына катышкандыгы үчүн ондогон адамдарга санкциялар киргизилген.

Европа Биримдигинде Корея жарым аралын куралсыздандырууга жана анда тынчтык орнотууга тынчтык жолу менен гана жетишүү керек экендиги баса белгиленди.

АКШнын президенти Дональд Трамп 17-июнда Түндүк Кореяга каршы 2008-жылдан бери келе жаткан санкциялардын мөөнөтүн бир жылга узарткан. АКШ администрациясы Түндүк Корея өкмөтүнүн аракеттери АКШнын улуттук коопсуздугуна, экономикасына жана тышкы саясатына олуттуу коркунуч келтирет деп эсептейт.

Бүгүнкү күндөгү эң катуу санкциялар Түндүк Кореяга карата колдонулат. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2397-резолюциясы Түндүк Кореяга мунай жана тазаланган продуктыларды жеткирүүгө тыюу салып, башка өлкөлөрдөн Түндүк Кореянын жумушчуларын өз аймактарынан кууп чыгууну талап кылды. Мындай катаал санкциялардын себеби Пхеньяндын өзөктүк курал жана баллистикалык ракеталарын өнүктүрүүнү улантууда.

Copyright © 2017 Maral FM